Карамушкина вице-спикер Касымалиева менен уруша кетип, залдан чыгып кетти. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана тарапташтарына басым кылууну токтотууну сурады. Бул сөзүнө вице-спикер Аида Касымалиева жооп берди.

Карамушкина сот Асел Кодуранова экөөнү үй камагына алуу чечимин чыгарганын айтып, тергөө органы телефонун тартып алып эки айдан бери бербей жатканын белгиледи.

"Азырынча менин мандатым жана кайрылуу укугум бар. Андыктан мен түздөн-түз президентке мурдагыдай партиялаш, үзөңгүлөш катары эмес, өлкөнүн президенти катары кайрылам. Биз аудиенция талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз, көзүбүзгө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыңыз. Эгер элди консолидация кылып, мамлекетти өнүктүрөм десеңиз, колду басым кылуучу рычагдарда эмес, башкаруу пультунда кармаш керек", — деди депутат.

Ошондой эле айыптоолорго бир эле Атамбаев эмес, ошондо бийликте отургандын баары жооп бериши керектигин кошумчалады.

Андан соң ага Касымалиева жооп берип, Кой-Таш окуясында бир спецназ каза болуп, Чүй милициясынын башчысы эми өзүнө келип жатканын эсине салды.

"Өктөм эже уулунан айрылып, балдар атасы жок отурса каяктагы телефонду айтып жатасыз? Баарыбыз тең адам өлтүргөндөр, барымтага алгандар же адам өлтүрүүгө аракет кылгандар кимдер экенинин так аныкталышына кызыкдарбыз. Ким гана болбосун — мурдагы президентпи, мурдагы депутатпы, азыркы депутатпы, бардыгы мыйзам алдында бирдей. Эмне айтып жатканыңызды ойлонуңуз! Сиздин эки жүздүүлүгүңүздүн да чеги болушу керек", — деди Касымалиева.

Карамушкина кайра микрофонго чыгып бир депутаттын сөзүнө экинчиси комментарий бериши регламентке туура келбесин айтты. Бирок ал сөзүн жыйынтыктай электе эле төрага Дастан Жумабеков "процедуралык маселе менен чыгыңыз" деп микрофонду өчүрүп койду.

Буга нааразы болгон депутат залдан чыгып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0