Путин мурдун кайдан сындырганын айтып берди. Видео

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин спорт жаатында бокс менен биринчи машыкканын, мурду кантип сынганын айтып берди.

Өлкө башчы "Заманбап спорт. Инновация жана перспективалар" аттуу көргөзмөгө барды. Р-Спорт басылмасынын жазышынча, ал жактан боксчулар сырты жылтыраган таш менен кооздолгон кол капты белек кылышкан. Спортчулар президентти машыгууга келүүнү суранышты. Өз кезегинде Путин жаш кезинде спортто биринчи жолу бокс менен машыкканын айтты.

"Спортто биринчи бокс менен машыктым. Мурдум сынгандан кийин баарын токтоттум. Дарыгерге барган жокмун. Көптөн кийин бүттү. Кийин спорттун башка түрү менен алектене баштадым", — деди Путин.

Президент машыгууга келе турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0