Кыргызстандын эң сулуу бийкечи кантип тандалды. Сынактын видеосу

Жазылуу
Кечээ, 12-октябрда, Бишкекте Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагы өткөрүлдү. Конкурстун финалында 17 кыз ат салышкан. Иш-чара кандай уюштурулганын Sputnik тарткан видеодон көрүңүз.

Кыздар көрүүчүлөргө талантын тартуулап, дефиле көрсөтүп, кечки салтанат көйнөктөрүн кийип чыгышты. Жеңүүчү деп 17 жаштагы Айжан Чаначева табылды. Ал сынакка Нарын облусунун атынан катышкан. Баш байге ээси "Дүйнө сулуусу" сынагына катышууга жолдомо алып, андан сырткары, рубин чөгөрүлүп жасалган алтын таажыга жана 100 миң сомго ээ болду.

Художественная гимнастика. Чемпионат мира. Первый день - Sputnik Кыргызстан
Ажайып сулуу! Кыргызстандык гимнасттар дүйнө чемпионатына катышууда. Сүрөт
Биринчи вице-мисс таластык Саадат Курманбекова, экинчи вице-мисс Ысык-Көлдөн келген Айганыш Кубанычбекова болду. "Мисс спорт" деп Баткендин намысын коргогон 18 жаштагы Алина Осмонова табылды. Ангелина Гаранина "Мисс ОРО" (зергерлик боюнча дүйнөлүк бренддин өкүлү) наамына татыды.

Быйыл калыстар тобу жети кишиден турду. Алардын катарында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маалымат, коммуникация департаментинин өкүлү да болду. Калыстар тобунун башка мүчөлөрү туурасында маалымат коомчулукка айтылган эмес. Бул жең ичинен сүйлөшүп алууну болтурбоо, адилеттүүлүктү сактоо максатында жасалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0