АКШда мейманкана ураган учур видеого түшүп калган

Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен эки адам каза болуп, 20 жумушчу оорукана жеткирилди. Окуя болгон учурда имараттын ичинде 100дөн ашык киши болгон.

АКШнын Жаңы Орлеан шаарында курулуп жаткан Hard Rock мейманканасы урап калды. Бул тууралуу CNN билдирди.

Маалыматка караганда, окуя болгон учурда имаратта 112 киши болгон.

Кырсык болгон учурдагы видео жергиликтүү WWLTV каналынын YouTube баракчасына жүктөлдү.

Анда көрүнүп тургандай, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттын үстү жагы көчөнү көздөй кулаган. Жердеги кишилер туш тарапка качып жөнөгөн.

Кырсыктын кесепетинен эки киши каза таап, 20сы ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. Дагы бир куруучу дайынсыз болуп жатат.

План боюнча жаңы мейманканада 350 бөлмө болмок. Ал эми биринчи кабатына аянты 3 500 чарчы метрлик холл куруу каралган.

Имараттын урап калышына эмне себеп болгону айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0