Сауд Аравиянын оркестри Россиянын гимнин ийге келтире албай койду. Видео

Жазылуу
Сауд Аравиянын оркестри Владимир Путин менен падыша Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауддун жолугушуусунда Россиянын гимнин так аткара албай койду.

Бул окуя Эр-Риядда падышанын сарайында болгон.

Оркестрдин аткаруусундагы гимнди RT телеканалы жарыялады.

Дүйшөмбү күнү Путин Сауд Аравиясына мамлекеттик сапары менен барган. Ал падыша жана мураскер ханзаада менен жолуккан. Сапардын аягында 20дан ашык документке кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0