Жээнбеков Азербайжан президентинин кызына ыраазы болду. Видео

Жазылуу
Кечээ, 14-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков азербайжандык кесиптеши Ильхам Алиев менен жолугушту.

Жээнбеков Азербайжан президентинин кызына ыраазы болгон видео YouTube каналына жүктөлдү. 

"Жакында эле бизге кызыңыз Лейла Ильхамовна келип, Олимпиада комитеттеринин жетекчилеринин эл аралык форумуна катышты. Элибиз ал тууралуу жакшы ойдо калды. Ал мага ыр жыйнагын берген. Ысык-Көл жөнүндө ыр жазыптыр", — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине (ТТМКК) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жана өкмөт башчылары менен кечки тамакка отурду - Sputnik Кыргызстан
Президенттер жубайлары болуп кечки тамакка чогулушту. Сүрөт
Лейла Алиева 35 жашта. Ал коомдук ишмер, чоң атасы Гейдар Алиев фондусунун вице-президенти. "Баку" журналынын башкы редактору, ошондой эле БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун ыктыярдуу элчиси. Ырчы жана ишкер Эмин Агаларовго турмушка чыккан.

Алиеванын ыр саптары төрт куплеттен турат. Ал Ысык-Көл жан дүйнөнү сергитип, эргүү жаратарын белгилеген. Ошондой эле көлдү караган сайын бейиштин бир бөлүгү көрүнүп турарын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0