Ажалы жок экен. Крокодилдин азуусунан кутулуп кеткен антилопанын видеосу

761
(жаңыланган 10:03 17.10.2019)
Австралиялык Крис Брей дарыяны кесип өтүп бараткан гну антилопасынын крокодилден аман калганын видеого тартып алган. 36 жаштагы фотографтын айтымында, бул окуя Кениянын Масаи-Мара жаратылыш паркында болгон.

Чоң крокодил дарыяны кесип өтүп жаткан гну антилопасынын үйүрүн суудан аңдып туруп, оозуна жакын келгенин тиштөөгө аракет кылган. Бирок антилопа анын азуусуна илинбей буйтап кетүүгө үлгүргөн.

Брей антилопанын үйүрү Танзания менен Кениянын аймагын бөлүп турган Мара дарыясын кечип өткөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
761
Белгилер:
жаратылыш, фотограф, видео, антилопа
Тема боюнча
Окумуштуулар табияты эң коопсуз болгон өлкөлөрдү атады
Кишини тоготпой оттогон тоо текелер. Кыргызстандагы керемет көрүнүштүн видеосу

Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

81
(жаңыланган 09:36 21.09.2020)
Бишкектик ырчы кыз Карина Амринова "Ты супер!" музыкалык шоусунун кийинки туруна өтө албай калды. Бирок ал буга карабастан вокал менен алектенүүнү улантарын айтты.

"Ты супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору. Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. Кечээ, 20-сентябрда, мызкалык конкурстун төртүнчү сезону башталып, анда Кыргызстандын атынан 18 жаштагы Карина Амринова ат салышты.

Бишкектик ырчы долбоордун биринчи баскычында эле четтеп калды. Ал чыгарма аткарып бүткөндөн кийин маек берип жатып, ушуну менен токтоп калбастан вокал менен алектенерин айтты. Ошондой эле автордук ырларды жазуу ниети бар экендигин билдирди.

81
Белгилер:
"Ты – супер" балдар долбоору, сынак, ырчы, Карина Амринова, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Биз өлкөлөрдү бириктиребиз. Лидов-Петровский "Ты — супер!" шоусу тууралуу. Видео
"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

Үлпөт тоюнда ит менен бийлеген колуктунун вальсы таң калтырууда. Видео

118
(жаңыланган 08:31 21.09.2020)
Үлпөт тоюнда ити менен бийге түшкөн кыздын видеоролиги көпчүлүк интернет колдонуучуларынын жүрөгүн элжиретти.

Кадрдан көрүнгөндөй, үлпөт тойдо кыз вальс бийлеген өзүнүн ити менен чыгып, таң каларлык бий тартуулаган. Жаныбар менен колуктунун мындай өзгөчө өнөрү салтанатка катышып отурган конокторду эле эмес, социалдык тармактагыларды да суктандырды.

Британиялык келин үлпөт тоюнда конок менен мушташа кетти. Видео

Көргөндөр "ит болсо да колуктунун күйөөсүнүн ордун басыптыр" деп тамашалашууда.

118
Белгилер:
бий, ит, той
Тема боюнча
Деңиз жээгинде сүрөткө түшөм деп... Колуктунун чөгүп кете жаздаган видеосу
Жаңы Зеландия: аял үлпөт тоюндагы сүрөтүнөн эмчек рагына кабылганын билген
Аэропорттогу Боинг учагы

Кыргызстандан чет өлкөлөргө ачылган каттамдардын тизмеси

10
(жаңыланган 14:41 21.09.2020)
Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын "Манас" жана "Ош" аэропорттору аркылуу учактар чет мамлекеттерге каттай баштады. Республикалык ыкчам штаб каттамдардын тизмесин жарыялады.

"Манас" аэропорту аркылуу аткарыла турган авиарейстер:

  • Бишкек — Стамбул — Бишкек;
  • Бишкек — Анталья — Бишкек;
  • Дубай — Бишкек — Дубай;
  • Шарджа — Бишкек — Шарджа;
  • Ташкент — Бишкек — Ташкент;
  • Алматы — Бишкек — Алматы;
  • Бишкек — Москва — Бишкек.

Москва — Бишкек каттамы үчүн билеттер сатыла баштады. Рейстин датасы

"Ош" аэропортунан чартердик рейстер төмөнкү багыттарга каттайт:

  • Москва — Ош — Москва;
  • Ош — Санкт-Петербург — Ош;
  • Ош — Новосибирск — Ош;
  • Ош — Екатеринбург — Ош;
  • Ош — Сургут — Ош;
  • Ош — Красноярск — Ош.

Белгилей кетсек, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Бириккен Араб Эмирликтеринин талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандары бул өлкөлөргө барганда коронавируска тапшырган ПЦР тестинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Тесттин мөөнөтү үч күндөн ашпоого тийиш. Ал эми Түркияда мындай талаптар жок.

"Бардык жүргүнчүлөрдү жолго чыгар алдында тийиштүү документтерди, ПЦР-тестти алган-албаганын текшерип алууга чакырабыз", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ички каттамдар дагы жанданды. Алар:

  • Бишкек — Ош — Бишкек (күн сайын);
  • Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек (жумасына бир ирет, жума күнү);
  • Бишкек — Баткен — Бишкек (жумасына бир ирет, шейшемби күнү).

Аэропорттун терминалына авиабилети барлар гана кире алат. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы бет кап режимин сактоого милдеттүү. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, жарандардын дене табы текшерилет.

10
Белгилер:
каттам, аэропорт, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Россияга барыш үчүн кыргызстандыктар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек