Акындын тили, комуздун күүсү менен түшүндүрүлгөн инфляция. Видео

Жазылуу
Акын Баян Акматов комуздун коштоосунда Улуттук банктын акча саясатын калктын финансылык сабатын жогорулатуу максатында түшүндүрүп, ырдап берди. Бул туурасында аталган банктан билдиришти.

Бир мүнөттөн ашык видео Улуттук банктын Facebook баракчасына жайгаштырылган.

Акын Баян Акматов башкы банктын баланстап турган милдетин кошо айта кеткен.

"… Бирок 7 пайызга чейинки инфляцияга кейибе,
Улутум кулак төшөсүн,
Улуттук банктын кебине.
Теске алып жалпы бааларды,
Теңдеп турат теңине", — деп ырдаган акын.

Жаңылыктар түрмөгү
0