Ургаачысын талашкан эки жыландын айыгышкан кармашы. Видео

Жазылуу
Жыландардын бул түрү эң кооптуусу болуп саналат. Анын уусу адамды калтыратып-титиретип, бөйрөгүнө залал келтирип, жүрөгүн токтотуп коюшу мүмкүн.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Австралиянын Саншайн-Кост аймагында жашаган тургуну ургаачысын талашкан эки жыландын айыгышкан кармашын видеого тартып алган. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Дайверы сняли на видео затаившуюся на дне реки гигантскую анаконду - Sputnik Кыргызстан
Кудум жомоктогу ажыдаардай. Суу түбүн байырлаган жети кучак жыландын видеосу
Кадрлар үйдүн короосунан тартылганы көрүнүп турат. Адистер 20 мүнөттүн ичинде кооптуу делген жыландарды кармап кетишкен.

Күрөң жыландардын көбөйүү мезгили сентябрдан ноябрь айына чейин созулат. Бул түр жер жүзүндөгү жыландардын эң кооптуусу болуп эсептелет, уусу адамды калтыратып-титиретип, бөйрөгүнө залал келтирип, жүрөгүн токтотуп коюшу мүмкүн. Өз алдынча кармап алууга аракет кылбаш керек. Адистин айтымында, жылан чаккан учурдун 90 пайызы адамдардын олдоксон аракетинин натыйжасы болуп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0