Уят барбы? Милиция жол чийиндеги окуучуларды коюп кете жаздады. Видео

Жазылуу
Кадр Токтогул менен Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинен тартылган. Видеорегистраторго түшүп калган видеону окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине жиберди.

Анын айтымына караганда, окуя 19-октябрь күнү саат 09.03тө болгон. Кадрдан эки окуучу жөө адамдар өтө турган жол чийинди кесип өткөнү жатканда милициянын MVD 294 номерлүү унаасы токтобостон өтүп кеткенин көрүүгө болот. Автоунаа маягын жандырган эмес.

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы видеону изилдеп, эгер эреже бузулганы аныкталса милиционерлерге чара көрүлөрүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0