"Келатыр, сай күлүк"! Жамбылда кыргыз күлүгү лимузин утту. Видео

8360
(жаңыланган 16:03 21.10.2019)
Казакстанда өткөн күлүк чабышта Кыргызстандан барган чабандестер олжолуу кайтты. Алар турнирдин аламан байге бөлүгүндө алдыңкы орундарды камсыздап, лимузин автоунаасын, төө, жылкы жана акчалай сыйлыктарды алышты.

Улуттук ат оюндары боюнча "Аргымак" федерациясынын маалымат катчысы Бакай Шүкүровдун айтымында, мелдеш кечээ, 20-октябрда, коңшу Казакстандын Жамбыл облусунун Каракемер айылында өттү. Аны жеке тараптар уюштурган.

Турнирдин аламан байге бөлүгүндө кыргызстандык үч чабандес алдыңкы орундарды ээлеген. Бул дистанциядагы аттар 30 чакырым аралыкка чабылган. Марага биринчи Эрлан Кубанычбек уулунун Карлыгач аттуу байталы жетип, ээсине лимузин Infiniti унаасын алып берген. Экинчи орунга Ильяс Түлеевдин Жой аттуу жаңы асыйы келип, төө уткан. Анын аркасынан эле Эрке-Тору аттуу жаңы асый финишке жетип, ээси Дайыр Токеевге сыйлык катары жылкы берилген.

Ошондой эле күлүк чабыштын топ байге бөлүгүнө дагы лимузин унаасы сайылып, бирок кыргызстандыктар алдыңкы орундарга илине алган эмес.

Мындан тышкары, турнирдин тай чабыш бөлүмүндө дагы бир кыргызстандык чабандес Керим Өмүралиевдин Байторусу үчүнчү келип, 70 миң теңге (12 520 сом) алган. Бул дистанциядагы аттар жети жарым чакырымга чабылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
8360
Белгилер:
унаа, автоунаа, байге, мелдеш, ат чабыш, чабандес, лимузин, Казакстан, Кыргызстан
Тема боюнча
"Ак боз ат" да, автору да унутулду... Драма тууралуу кызыктуу 11 факты

93 жашында шуулдап операция жасаган Мамакеев. Дарыгердин иш учурунан видеобаян

142
Хирург Мамбет Мамакеевди кыргыз эли эле эмес, бүт дүйнө тааный баштады. Себеби ал 68 жылдык карьерасынан улам Гиннестин рекорддор китебине кирди. Жакшы жаңылыгы менен алтын колдуу дарыгерди Sputnik Кыргызстан агенттиги да куттуктап, ал-абалын сурап келди.

93 жаштагы Мамбет Мамакеев башка курбалдаштарына салыштырмалуу тың, күүлүү-күчтүү. Учурда Бишкектеги хирургия борборунда иштеп, күнүнө 3-4 операция жасайт. Биз барган учурда кезектеги операциясына даярданып жатыптыр.

"Азыр бейтаптын өтүн алабыз. Кааласаңар операцияга кирип чыккыла" деп шуулдап халатын кийип, операция залына жөнөдү. Операция көз ачып-жумганча бүттү. 93 жаштагы хирург 10 мүнөттүн ичинде кайра иш бөлмөсүнө келип калды.

"Операциядан тажабайм, чарчабайм дагы. Анткени ал жакта сүйлөбөйсүң. Хирургдун мээси, анан колу жакшы иштеш керек. Көп сүйлөгөндөн чарчап кетем. Ушул жашка келгичекти бир да күн жумушума кечигип же келбей калган күнүм болгон эмес. Ишиңди жакшы көрсөң, андан тажабайсың", — деди дарыгер.

Мамакеевдин хирургия тармагында иштей баштаганына 68 жылдан ашыптыр. Бул аралыкта ал 30 миңден ашык адамдын өмүрүн сактап калган. 1000ге чукул шакирттерди тарбиялап, 200дөй илимий эмгектин автору болгон. Дарыгер адамга таланттан биринчи эмгек керек экенин айтып, тырышчаактыгынын, эмгекчилдигинин арты менен атактуу хирург болгонун айтып берди.

"Медициналык институтта билим алып жүргөндө мугалимдер мени тартипсиз, орой, орусча сүйлөй албайт деп жаман көрчү. Аспирантурага тапшырарда да "бул кантип аспирант болот" деп араң өткөрүшкөн. Бирок мен тырышчаактыгым, эмгекчилдигим менен аспирант болмок тургай, ушул даражага жеттим. Айрымдары "Мамакеев дагы эле тирүүбү" деп сурайт экен (күлүп). Мен бул жумушума көнгөм. Аны таштоо оңой эмес. Ишиңе берилүү менен мамиле кылыш үчүн ишти, ооруну, бейтапты да сүйгүнүң. Кесипкөй адис болом десең билимге умтул. Мунун баары болгондо гана ишке көңүл тартат", — деди хирург.

Кызыгы, хирург өмүрүндө чылым чегип, арак ичип көргөн эмес. Дени сак жашоого бала кезинен көнүп, чыйралганын айтып отурду. Мамакеев дүйнөдөгү аксакал дарыгерлердин бири. Кемпири менен эки уулду тарбиялап чоңойтушкан.

"Кемпирим 91 жаштын чайын ичип отурат. Бирок алдан тайып, араң басып, сүйлөбөй калды. Экөөбүз баштан далай кыйынчылыкты өткөрдүк. Эки уулум менин жолумду жолдоп медицина тармагын тандап алышкан. Биринчи уулум ооруканада диагностикалык борборду иштетсе, экинчиси ушул оорукананын жетекчиси. Небере-чөбөрөлөрүм бар", — деди Мамакеев.

Хирург биз менен маегинде экинчи даражадагы "Манас" орденинен башка мамлекеттик сыйлыктын баарын алганын айтып отурду. "Кудай күч-кубат берсе иштей берем, азырынча көзүм курч, мээм алжый элек", — деди ал.

Айтылуу хирург 1927-жылы Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн.

Бишкек шаарында анын ысымы ири хирургия борборуна ыйгарылган.

142
Белгилер:
эмгек жолу, операция, дарыгер, хирург, видео, таржымал, Мамбет Мамакеев
Тема боюнча
Айыгарын билбей өлмөкчү болуп... Өзгөчө операция жасаган нейрохирургдун маеги
Шоопур болуп кете жаздаган. Миңдеген мээни ачкан Миталип Мамытов 80 жашка чыкты

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео

410
(жаңыланган 21:47 05.06.2020)
Американын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен каза болгон афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты болду.

Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинин (North Central) имаратына жүздөгөн адам Флойдду эскерүү үчүн чогулду. Табытты жүктөгөн автоунаа көрүстөнгө бара жатканда эл "Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт!" деген сөздү кайталап жатты.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

410
Белгилер:
коштошуу, узатуу, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты