Үн менен термелген бешик... Элеттик мугалимдин өзгөчө эмгектеринин видеосу

Жазылуу
Кара-Суу районундагы Кызыл-Ордо мектебинин физика мугалими Кубанычбек Тажиков үн менен термелүүчү бешиктин макетин жасады. Эгерде үнсүз иштеген мотор жана башка тетиктери табылса, анда чыныгы бешикти жасап чыгарууну пландап жатат.

Элеттик мугалимдин өзгөчө эмгектери менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таанышып келди.

Кубанычбек Тажиков билгендерин балдарга үйрөтүүгө арнап келет. Ал өзү жасаган өзгөчө эмгектери менен окуучуларын шыктандырууда. Чыгармачыл мугалимдин атайын ийримге ылайыкташтырылып жасаган өзгөчө бөлмөсү да бар.

Баланы бешикке эмнеге бөлөшөт? Кызыктуу видео - Sputnik Кыргызстан
Баланы бешикке эмнеге бөлөшөт? Кызыктуу видео
Тажиков атасы англис тилчи мугалим болгондуктан анын жолун жолдоп, билим берүү тармагын тандагандыгын айтат.  Ал Ош шаарындагы жогорку окуу жайды аяктагандан бери Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектепте иштеп келе жатат. Мындан сырткары, райондук балдардын чыгармачылык борборунда да жаштарга билгенин үйрөтүүдө.

Тажиков жакында эле үндүн жардамы менен термеле турган бешиктин макетин жасады. Бул үчүн орус окумуштуусу Виктор Борисовдун "Юные радиолюбители" деген китебиндеги схемалардан пайдаланган.

Мугалимдин планы боюнча, бешикке микрофон коюлуп, бала ыйлай баштаганда термеле баштайт. Бөбөк унчукпай калганда бешик термелүүсүн токтотот.

"Негизги максатым – элеттик энелердин мээнетин азайтып, колун узартуу. Себеби айыл жеринде энелердин түйшүгү түмөн. Таң заардан баштап, түн киргенге чейин тиричилик менен алышып келет", – дейт Тажиков.

Ал бешикти үн чыгып, бирок токтогондон кийин да 5-10 мүнөткө дейре термеле турган кылып жасоону пландаштырган. Азыр мындай жаңычылдыкты жасоого тиешелүү тетиктер табылбай жаткандыгы мугалимди түйшүккө салууда.

"Үн чыгарбай иштей турган электр моторлорун издеп жатабыз. Эгерде аталган тетик менен кошо каражат тапсак, анда ушундай бешикти жасайлы деген максатым бар", — деди мугалим.

Ал физика предметинен сырткары, окуучуларга "Радиоэлектроника" ийриминде да сабак берип келет.

Тажиков үн аркылуу термелүүчү бешиктен сырткары музыканы коштоочу жарык чыгаруучу жабдууну окуучусу менен биргеликте жасаган. Мындай жабдыкты "музыканын жарык түрүндөгү формасы" деп атоого боло тургандыгын айтат. Себеби жарыктар музыканын ыргагына жараша аны коштоп, жанып-өчүп турат.

Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары - Sputnik Кыргызстан
Суткасына 10 тонна томат пастасын чыгарган орнотмо. Чериковдун ойлоп табуулары
Алгач 1970-жылдары бий аянтчаларында көп пайдаланылчу. Жабдык музыкадагы электрдик сигналдардын жыштыгына жараша күйүп-жанат жана 17-20 миң герц жыштыктагы электрдик сигналдарды көрсөтөт.

Физика мугалиминин шакирти менен кошо жасаган жабдуусу музыканын ыргагына жараша иштейт.

"Радиоэлектроника" ийримине катышкан 11-класстын окуучусу Карлыгач Нурбек кызы дедектирлүү радио кабыл алгыч ойлоп тапкан. Бул үчүн ал бир ай убактысын короткон. Жасалган жабдыкты кадимки эле радио сымал кылып пайдаланса болот.

11-класстын дагы бир окуучусу Нуртилек Адаев курулуш тармагында колдонулуучу техника ойлоп тапкан. Аны эки ай ичинде кураштырып чыккан. Айтымында, учурдун талабы болгон жабдууну өзү ойлоп таап, келечекте чоң завод-фабрика куруп, техникаларды чыгарууну максат кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0