Согушкерлердин кыргыз кыштагына салган кыргыны. Алааматтын күбөлөрү сүйлөйт

1614
(жаңыланган 16:30 23.10.2019)
1999-жылдын жайында Кыргызстанга басып кирген экстремисттерден азап чеккен мекендештердин баяндарын тыңдадык...

Мындан туура жыйырма жыл оболу Кыргызстанга Өзбекстандын ислам кыймылынын (ӨИК) согушкерлери басып кирген. Кыштактагы бир катар жашоочулар барымтага алынып, жергиликтүү тургундар набыт болгон ошол апаат кийин «Баткен окуясы» деп аталып калды. Анын катышуучулары «Баткен согушу» деп да атап жүрүшөт. Баткен жана Ош облустарында ошондо эмнелер болгону туурасында Sputnik Кыргызстандын журналисттерине окуяга күбө болгондор кеп салып берди.

"Согушкерлер инимди тизелетип туруп өлтүрүшкөн"

Рабия Шадыбекова иниси Касымбектин өлүмүн азыркыга чейин көзүнө жаш ала эскерет. Бир тууганы милиционер болуп иштечү. Согушкерлер басып кирген маалда ал Зардалыда нөөмөттө турган. Милиция кызматкерин баскынчылар дароо туткунга алат.

Рабия Шадыбекова, брат которой был убит в плену во время Баткенских событий
© Sputnik / Эмиль Садыров
История Касымбека Шадыбекова, попавшего в плен во время Баткенских событий
"Алар Касымбекти үч айдай эзип, каалашынча мазакташкан. Бир күнү сабыры түгөнүп, аны эзип жаткандардын куралын ала калып террорчуларга ок чыгарып, бирөөсүн жардан ары ыргытып жибериптир. Аны кайра кармап, автоматын тартып алып, эки колун алма-терме аткылашкан. Анан тизелетип туруп өлтүрүшкөн экен", — деп баяндайт Рабия эже.

Алардын колунан набыт болгон милиционердин артында жубайы беш баласы менен калган. Касымбек туткунга алынган күндөн тарта жакындары мамлекеттик ар кыл органдардын каалгасын каккылашат, майнап чыкпайт, ал тургай, экстремисттер эмне десе аткарууга да кайыл болуп калышкан. Рабия эже болушунча инисин аман алып калууга тырышат. Бирок аны мыкаачылык менен өлтүрүшкөнүн угуп Рабия ал кездеги президент Аскар Акаевге чейин кирген.

"Эгер инимдин сөөгүн беришпесе, өзүмдү өлтүрөрүмдү айттым. Президент менен сүйлөшкөндөн бир жарым сааттан кийин тик учак менен жеткирип беришти", — деп эскерет Шадыбекова.

Касымбектин өлүмү жакындарын күйүткө салып кеткен. Көп өтпөй тартип сакчысынын бир тууган агалары да биринин артынан бири каза табат. Маркумдун тун кызы менен кенже уулу атасынын жолун жолдоп милиционер болушту.

Бийликтин катасынан согушкерлер кыргызстандыктардын изине түшкөн

Зардалынын айыл башчысы Акмурза Тагаев экстремисттер менен сүйлөшүүлөрдү өзү жүргүзгөн. Алар менен айыл башчы сегиз ирет кезиккен. Согушкерлер кун сурап, азык-түлүк жана 50 миң доллар талап кылышкан.

Староста села Зардалы Акмурза Тагаев
© Sputnik / Эмиль Садыров
Староста села Зардалы Акмурза Тагаев

Барымтадагылардын баары бошотулганда расмий Бишкектин кубанычында чек жок эле. Бирок маңдайы жарыла сүйүнгөн бийлик кечирилгис ката кетирген: президент Акаевге Кыргызстандан ӨИК террорчулары сүрүп чыгарылды деп рапорт беришет, ал Баткен облусунан куралдуу күчтөрдү алып чыгууну буюрат. Аны байкаган радикалдар оңой эле бир нече айылды басып алышат.

"Террорчулар өч алууну самашат. Милиционерлердин, бийликтин бөлөк өкүлдөрүнүн артынан түшөт. Кыштакта андайлардан мен, акимдин орун басары жана эки тартип сакчысы калганбыз. Бизди таап, өлтүрүүгө буйрук бергенин кулагым чалды. Милиционер башка тарапка, мен бөлөк жакка качтым", — дейт Тагаев.

Айыл башчысын улгайган аял үйүнө киргизип, үстүнө төшөктөрдү жаап бекитет. Аны издеп келген согушкерлерди кубалап чыгат.

Баскынчылардын колунан каза тапкан милиционер Касымбек Шадыбековду айылдаштары жергиликтүү көрүстөнгө көмүүгө үлгүрүшөт. Көп өтпөй аны өлтүргөн экстремист да өлөт, ошондо согушкерлер зардалылыктардын баарын топтоп, жаназа окууга мажбурлашкан. Радикалдын сөөгүн да Шадыбековдун мүрзөсүнө жакын жерге коюшкан.

"Дал менин үйүмдүн түбүндө кыргын салышты"

Террорчулардын ырайымсыздыгы болуп көрбөгөндөй күч алган. 17-сентябрда алар Сырт айылына чабуул коюшат. 150 чакты бандит кыргыз армиясынын болгону 30 жоокери турган блокпостко кол салат.

Кызыл кыргын түшкөн жерге кийин жети жоокерге эстелик тургузулган. Азыр аларга жергиликтүү тургун Дадагай Камчиев көз салат. Ал 20 жыл мурдагы ошол каргашалуу түнү аеосуз кармашты өз көзү менен көргөн. Кичкинтай кызын ал керебет жапкычтар менен жашырып калган.

Житель села Сырт Баткенской области Дадагай Камчиев
© Sputnik / Эмиль Садыров
Житель села Сырт Баткенской области Дадагай Камчиев
"Ошондо коңшулардын баары үйлөрүн таштап кеткенге арагасыз болушту. Үй-бүлөмө сарсанаа болуп, мен да туугандардыкына кетким келген, бирок уруксат беришкен эмес. Кезметтеги аскерлер да баары жакшы болоруна ынандырышкан... Ошол түндө атылган октордун изи үйүмдүн дубалдарында калды", — деп эскерет Дадагай аке.

17-сентябрда 20 экстремист өлтүрүлгөн. Кыргыз жоокерлери аз санда болгонуна карабай баскынчылардын мизин кайтарууга жан үрөшкөн. Дал ошол түндөгү кармашта аскерлер Сырт кыштагын басып алуу операциясын жетектеген өзгөчө кооптуу террорчу Абдували Юлдашевди жок кылышат.

"Тирүүлөй теримди сыйрышкан"

Ызырынган радикалдар өч алууга суусап, дээрлик курал-жараксыз милиционерлер турган блокпостко чабуул коюшат. Жаңыбай Кадыров согушкерлердин туткунунда 56 күн болгон. Арасында укук коргоо кызматкери, андан эки жыл мурда колго түшүргөн бир нече кылмышкер да бар эле.

Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров провел в плену у экстремистов 56 дней
© Sputnik / Эмиль Садыров
Участник баткенских событий, сотрудник милиции Жаныбай Кадыров
"Бизге кол салышканда күбөлүгүмдү ыргытып жиберип, башка туткундардан да менин милиционер экенимди айтпоону өтүндүм. Бирок согушкерлер шектенип туруп алышты... Мурда мени көргөндөрүн айтышат. Мойнума алсам, дароо өлтүрөрүн билип турам", — деп эстейт ошол убакты Кадыров.

Милиционер экенин мойнуна алдыруу үчүн бандиттер аны күндө ур-токмокко алышат. Туткундардын кекиртегине бычак такап, автоматтын оозун ооздоруна салып мазактоодон ырахат алышчу. "Аларга кудум жин тийип кеткендей эле, аябай коркунучтуу учурлар болду.  Согушкерлердин бирөө менин башымдын терисин сыйрып кирсе болобу... Ошол жан кейиткен окуяны андан калган тырыктар алигүнчө эске салат", — дейт Баткен апаатындагы туткун.

Барымтадагылар экстремисттердин колунда эзилип турган маалда аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жүргүзгөн. Ал үчүн  ӨИК кол башчысы Жума Намангани менен Афганистандан жолуккан.

...Жаңыбай Кадыров туткундан бошотулгандан кийин кызматтан айдалат, согушкерлерге кол кабыш кылган деп андан шектенишкен. Милиционерди Баткен окуясынын ардагерлеринин тизмесине да киргизишкен эмес. Соңку жылдары ал иштебейт, болор-болбос пенсиясына аялы, балдары менен күн көрүп келет.

Учкучтун катачылыгынан бомбаланган кыргыз кыштагы

1999-жылдагы каргашаны эстегенде Абдилазиз Сулайманов өзүн араң кармайт, көз ачып-жумганча өмүрлүк жубайы менен кызынан айрылган.

Ошол жылы 29-августта эмне болгону азыркыга дейре белгисиз. Өзбекстандын Куралдуу аба күчтөрү Кара-Тейит айылына ондогон бомбасын таштаган. Экинчи ирет айланып киргенден кийин кыргыз зенитчилери да аларга ок ачкан. Бирок алар бир да жери чийилбей Кыргызстандын аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ал эми ошол катачылыктын кесепетинен төрт киши набыт болуп, отуздан ашык киши жаракат алган. 20 үйдүн таш-талканы чыккан.

Потерявший в Баткенских событиях жену и дочь Абдилазиз Сулайманов
© Sputnik / Эмиль Садыров
Потерявший в Баткенских событиях жену и дочь Абдилазиз Сулайманов
"Соккунун толкунунан кулагым туна түшкөн, анан жан чыдагыс нерсени көрдүм – аялым менен кызымдын бомба талкалап кеткен денелери жатыптыр. Аларды эптеп үйгө көтөрүп кирдим, үйдөн деле эч нерсе калбаптыр, урандылары гана турат. Жубайым менен перзентимдин сөөгүн кийизге ороп коюп, башка балдарымды жетелей кыштактан качкам", — деп баяндайт Сулайманов.

Өзбек Республикасынын бийлиги алигүнчө 1999-жылкы окуя боюнча үн катпайт. Айдан ачык бир нерсе – учкучтарда туура эмес координаттар болгон.

Куткарылган айылдардын тургундары 20 жыл мурдагы окуяны көп эстешет. Көпчүлүгү азыр чек арачылар алардын тынчтыгына кам көргөнүнө карабай кайрадан кайталанышынан кооптонорун жашырышпайт.

1614
Белгилер:
күбө, Баткен окуясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Баткенде өлгөн аскер 1000 сомго бааланганда. Уулунан айрылган энелердин видеосу
Байлар түрмөдө кандай жашачу? Куугунтукталган генерал Байзаковдун ачык маеги