Жулунган эч ким жок. Рэпер 50 миң долларды күйөрмандарына чачты. Видео

Жазылуу
Америкалык рэпер Post Malone АКШнын Майами шаарындагы E11EVEN клубунда өнөрүн тартуулаган. 24 жаштагы ырчы сахнага чыгып, бир доллар номиналындагы акчаны күйөрмандарына чачкан.

Бирок клубдагылар чачылган акчаны алууга ашыкпастан рэперди камерага тартып турушкан. Айрымдары жөн гана музыкага бийлешкен. Окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Daily Mail басылмасынын жазганына караганда, рэпер концерт маалында күйөрмандары менен жылуу-жумшак баарлашкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0