Жанар Акаев: аэропорттон сөөгү табылган киши акча ташып иштечү экен. Видео

Жазылуу
22-октябрда 39 жаштагы киши үйүнөн аэропортту көздөй чыккан боюнча дайынсыз болуп, сөөгү аба майдандагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинанын багажынан табылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламенттин жалпы жыйынында аэропорттон сөөгү табылган киши акча ташып иштеп жүргөнүн билдирди.

Ал ошондой эле өлкөдө криминал баш көтөрүп, ишкерлердин коопсуздугу курч маселе болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчынын "ишти саясатташтырбагыла" деп айтканын сындады.

"Саясат болуп жатат деп парламентте такыр сүйлөбөй коёлубу? Биз маселени айтып турушубуз керек, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дейт. Маселени ушул жерден козгоп, айтып турбасак болбойт. Биз оозубузду жыйгыча акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү мына кечээ кечинде аэропорттон өзүнүн машинасынын багажынан табылып жатат", — деди Акаев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Криминалга эмес, милицияга кайрылгыла! Абылгазиев ишкерлерге кеңеш берди
Белгилей кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы киши үйүнөн аэропортту көздөй чыккан боюнча дайынсыз болуп, сөөгү аба майдандагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинанын багажынан табылган.

Бул окуяга чейин "Мадина" базарында соода кылган ишкер 4-октябрда базардан чыккан боюнча дайынсыз болуп, бир нече күндөн кийин сөөгү Кочкор районунан табылган. Маркумду жолдун жээгине көмүп коюшкан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0