Кытайдагы Цзинань шаарында дүйнөдө жок куу жана акылдуу аттын амалы көптөрдү таңгалдырды.
Видео Facebook тармагына жүктөлгөн.
Минем деп келгендердин "тилегин таш каптырган" бул жаныбарга мындай акылды ким үйрөткөнү белгисиз.
Минем деген кишилер жакындап келгенде ат кудум өлүп бара жаткансып жыгылып, ал тургай тилин бултайтып чыгарып алганын көрүүгө болот. Ал тургай бир учурда туруп бара жатып, аны көздөй келе жаткан кишини көргөндө төрт аягын асманды караткан тейде жатып калып, бир нече мүнөткө чейин кыймылдаган эмес.
Тору аттын анда-санда көзүн ачып, айланта тегерегин карап койгондугу, албетте, күлкү чакырат. Аттын актёрлук таланты Kritter Klub деп аталган кореялык веб-каналга чыккандан кийин интернетке чагылгандай тарап, 2 миллион ирет көрүшкөн.
Видеодо аттын жок дегенде эле 20 чакты жолу жыгылып калганын көрүүгө болот.