32 тонна бензин ташып бараткан фура оодарылып, жолду тосуп калды. Видео

Жазылуу
Бул видео унааңыз жолдо бузулуп токтоп турганда башка айдоочуларга эскерте турчу үч бурчтуктарды коюу канчалык маанилүү экендигин көрсөтөт.

Кытайда 32 тонна бензин ташып бараткан фура жеңил автокөлүк менен кагышып, жолдон оодарылып кеткенин Daily Mail жазды.

Мотоциклист на ходу пнул автомобиль и мгновенно поплатился за это. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жөн кетпей унааны тээп өткөн мотоциклист "жазасын" алды. Күлкүлүү видео
Видеодон фура четки чийин менен жүрүп бара жатканын, алдында жеңил унаа токтоп турганын көрүүгө болот. Танкердин айдоочусу катуу ылдамдык менен бара жатып, андан айланып өтөм деп оодарылып кеткен.

Полиция бензиндин бир бөлүгү жолго төгүлгөнүн, бирок өрт чыкпаганын билдирген. Оор жүк ташуучу унаа менен жеңил автокөлүктүн айдоочулары олуттуу жаракат алышкан эмес.

Жеңил унаанын айдоочусу машинасы бузулуп калгандыгы үчүн токтогонун айткан. Анткен менен полиция ал эскерте турчу үч бурчтукту койбогондугу үчүн жол эрежесин бузду деп эсептелерин билдирди. Тергөөнүн жыйынтыгы менен чыгымды ким төлөй турганы чечилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0