Кечке чейин отуруп иштегендерди 20 жылдан соң эмне күтөт? Үрөй учурган видео

Жазылуу
Британиялык окумуштуулар отуруп ишетеген жумуштун ден соолук үчүн зыянын көрсөтүү үчүн 20 жыл кеңседе иштеген аялдын моделин жасап чыгышты.

Ролик YouTube тармагына жүктөлгөн. Анда адистер компьютердин маңдайында сааттап отуруунун кесепетин көрсөтүштү.

​Адистер Франция, Германия жана Улуу Британияда жашаган, кеңседе иштеген үч миң кызматкерге кайрылып, алардан кайсы жерлери ооруй турганын сурашкан. Алар көбүнесе далысы, көздөрү, башы ооруп, начар көрө баштаганын, салмак кошконун жана тез чарчаарын айтып беришкен.

Жыйынтыгында окумуштуулар момдон аял кишинин моделин жасап чыгып, аны "келечектеги кесиптеш" деп аташты.

Ал кечке отура бергендиктен бүкүрөйүп калган. Кыймылдын аздыгынан ашыкча салмагы бар, курсагы чыккан. Көздөрү кызарган, жакшы көрбөйт, териси бопбоз, булчуңдары алсыз. Мурдунун жана кулактарынын ичтерин түк басып кеткен. Колу-бутундагы кан тамырлар көгөргөн.

​"Эгер биз мындай жашоо образыбызды алмаштырбасак, келечекте адам баласынын дене түзүлүшү өзгөрүп кетиши мүмкүн", — дейт изилдөөчүлдөр.

Мындан улам кеңсе кызмактерлерине монитордон маал-маалы менен туруп, ары-бери басып, көздү жана мээни эс алдыруу сунушталат. Жумуш берүүчүлөр кеңседе кызматкерлер ары-бери басчу кененирээк жер бөлүп, эс алуучу жайларды жасашы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0