Депутаттын уулу аралашкан кырсык: экспертизага ишенбей ыйлаган эненин видеосу

Жазылуу
Жалгыз уулунан ажыраган эне кырсыкка күнөөлүүлөр жазасын албай жүргөнүнө ызаланууда.  Ал тергөө менен алектенген органдардын ишине ичи чыкпай отурат.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу аралашкан жол кырсыгы боюнча чыккан экспертизанын жыйынтыгына жабырлануучулардын бири канааттанган жок.

Кырсыктан мерт болгон Нурсултан Данияр уулунун апасы Рахат Тойчиева Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, нааразычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда таңга маал саат 4.30да BMW X7 менен Lexus ES 330 үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде бараткан депутаттын уулу Темирлан Токобеков менен дагы эки киши жаракат алган.

Бул кырсык боюнча автотехникалык экспертизанын жыйынтыгы төрт айдан кийин чыгып, BMW X7 саатына 120 чакырым ылдамдык менен жүрүп, каргашага себеп болгону аныкталды.

Бирок бейажал кеткен Нурсултандын апасы муну менен макул эмес, BMW X7 андан да катуу баратып сүзүшү мүмкүн экенин айтууда.

"Экспертизанын жыйынтыгына нааразымын, эч кандай чындыкка жатпайт. Булар саатына 120 чакырым ылдамдык менен жүргөнү үчүн айып пул эле төлөтүп коёюн деп атышат. Эгерде ылдамдыгы 180ден ашса кылмыш катары каралмак. Жолдошум өзү МАИде иштеп пенсияга чыккан, мыйзамдарды билет", — деди Тойчиева.

Ошондой эле ал буга чейин күбөлөрдүн айткандары экспертизанын корутундусуна камтылбай калганын белгилейт.

Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бейажал кеткен 4 жигит. Абжалиевдин уулу катышкан кырсыктын далилдеринин видеосу
"Окуянын күбөсү "мен саатына 80 чакырым ылдамдык менен келе жаткам. Ал унаа 200дөн ашык ылдамдык менен кеткен болчу. Жада калса машинанын үлгүсүн көргөнгө жетишпей калдым. Менин унаам чайпалып кетти" деп атпайбы. Анан сүзгөндө Lexus унаасынын каалгасынын темири ичине 15 сантиметр кирип кеткен" деп жазыптыр. Ичине андан көп кирген да, темирин араалап чыгарып жатпайбы. Кыскасы, жаш баланы алдагандай эле кылышууда", — деди муңайган эне.

Экспертиза чыккандан кийин BMW X7 унаасын башкарып баратты делген Элдияр Халмурзаев 48 саатка убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок Каракол шаардык соту баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган.

"Эгер менин балам ошол депутаттын уулун сүзгөндө дароо эле камалып кетмек. Бирок төрт баланы өлтүргөн адамды эч ким камаган жок, жыргап эле жүрөт. Андан кийин канча жол кырсыгы болду, дароо эле камап жатышпайбы", — деп нааразы болууда маркумдун энеси.

BMW X7 автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттын уулу отурган BMW Х7 унаасынын ээсимин деген киши табылды. Чоо-жайы
Нурсултан Данияр уулу 1995-жылы Ош шаарында туулган. Быйыл Кыргыз улуттук университетинде юридика факультети боюнча магистратураны бүткөн. Үй-бүлөдө эки бир туугандын бири болгон. Азыр карындашы калды. Апасы уулунун быйыл октябрда сүйлөшкөн кызына баш кошуу ниетинде жүрүп, тилегине жетпей калганын айтты.

Ушул эле кырсыктан набыт болгон бир жигиттин ата-энеси тосмо арыз жазган. Ал эми калган эки уландын жакындары үн ката элек.

Ал эми BMW унаасында ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков, айдоочу Элдияр Халмурзаев жана дагы бир досу бараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0