МГУ филиалынын Ош шаарына салына турчу имаратынын 3D модели көрсөтүлдү

Жазылуу
Имарат Ош шаарындагы Абсамат Масалиев проспектисине салынып, курулуш иштери бир айдын ичинде башталат.

Ош шаарында курула турган Москва мамлекеттик университетинин филиалынын 3D модели иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты окутулат.

Смотровая площадка в Лужниках - Sputnik Кыргызстан
МГУ филиалынын ушу кезге чейин ачылбай келген себеби белгилүү болду
Имарат Ош шаарындагы Абсамат Масалиев проспектисине салынат.

Видеодо беш кабаттуу имараттын тышкы көрүнүшү көрсөтүлгөн. Ошондой эле сабак өтүлүүчү аудиториялар, компьютердик класстар, лекция окула турчу зал, ашкана, жетекчиликтин иш бөлмөлөрү көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин салына турчу имараттын эскизин көрсөткөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0