Каршылашын теше тиктеген Рафаэль Физиев. Көз караштар таймашынын видеосу

Жазылуу
UFC уюмунун октябрь айындагы акыркы турнири бүгүн Сингапурда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө башталат.

Кыргызстандык Рафаэль Физиев менен америкалык мушкер Алекс Уайт UFC Fight Night 162 турниринин алдында көз караштар таймашында кезикти.

UFC уюмунун октябрь айындагы акыркы турнири бүгүн, 26-октябрда, Сингапурда өтөт. Кеченин башкы беттешинде орто жеңил салмактагы Бен Аскрен менен Демиан Майей кез келет.

Турнир Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө башталат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Физиев UFC уюмунун турнирине үстүбүздөгү жылдын апрель айында биринчи жолу катышкан. Санкт-Петербургдагы мелдеште ал россиялык Магомед Мустафаевге жеңилип калган. Экинчи ирет ал бразилиялык Алекс Сильва менен Уругвайда беттешмек, бирок бутунан жаракат алып калгандыктан катышпай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0