Казакстандан күйүүчү май агып келген түтүк жок кылынды. Видео

Жазылуу
Казакстандан түтүк аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө күйүүчү май алып киргизген каражаттар жок кылынганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди. Атайын техниканын жардамы менен үч чакырым аралыкка жаткырылган жабдуу жарактан чыгарылган.

Аткезчилик менен иштегендердин каналы 24-октябрда чек арага жакын жердеги Кең-Булуң айылынан табылган. Ошондой эле ал жерде агып келген күйүүчү майды тосуп алып топтоочу жана аны куйган идиштерди сактоочу жай болгон. Мындай жол менен күнүнө Казакстандан Кыргызстанга 100 тонна бензин кирип турган.

Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө
Финполдун билдиришинче, Токмоктогу Пионер, Полевая жана Октябрь көчөлөрүндөгү үч жер тинтүүгө алынган. Натыйжада короодон сактоо жана ташуу үчүн цистерна, электр насостору, шланг жана башка керектүү жабдыктар табылган. Мындан сырткары, көрсөтүлгөн жердин биринен чөп жүктөлгөн жүк ташуучу унаа табылган. Бирок дыкат текшерүүдөн кийин чөптүн артынан цистерна чыккан.

Мындай иш-чара өкмөт мунай затты бензовоз менен ташып келүүгө тыюу салганына байланыштуу жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0