Зеленскийдин окшошу ага суроо берди. Видео

Жазылуу
Украинанын президенти Владимир Зеленскийге окшош кишинин Москвада метродо бараткан сүрөтү социалдык тармактарга жайылып кетти. Ага коомчулук менен журналисттер дагы кызыгышты.
Зеленскийге куюп койгондой окшош киши өзбекстандык Умиджон Исабоев болуп чыкты. Ал НТВ телеканалына конок болуп, Зеленский президент болгондон кийин аны ага окшоткондор көп болгонун жана өзү да байкаганын айтты. Алып баруучу Украинанын президенти менен жолугуп калса эмне деген суроо берерине кызыкты.

"Сиз эмне үчүн мага ушунчалык окшошсуз?", — деген собол сала тургандыгын билдирди.

Исабоев аны менен сүрөткө түшүп алалы дегендер көбөйүп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0