Милициянын тергөөчүсү пара алып жатканда колго түштү. Видео

912
(жаңыланган 16:20 29.10.2019)
Бишкекте Свердлов райондук ИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен колго түшкөнүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан (Финпол) кабарлашты.

Финполго жаран кайрылып, милиционерге карата чара көрүүнү суранган.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тараткан видеодон эркектин аял кишини телефондон коркуткан учурун көрүүгө болот. Андан сырткары, пара алып жатканы да тартылып калган.

Кайрылган аялдын айтымында, тергөөчү анын мурдагы күйөөсү менен сүйлөшүп алып андан акча талап кылып, машинаны жолдошуна каттатууну буйруган. Күйөөсү ал үчүн "балдардан баш тарт" деп талап кылбай турганын айткан.

Милиция кызматкери Туңгуч кичирайонунан кармалган. Финполдон кабарлашкандай, шектүү күнөөсүн моюндап, тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

912
Белгилер:
кармоо, милиция, пара, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектин тургундары милициянын ишине кандай баа берет? Сурамжылоо