Балбан Жолдошбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Жеңиштин видеолору

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Эмки атаандашы — индиялык спортчу.

Бириккен күрөш федерациясынын YouTube каналына спортчунун кармаштарынын видеолору жүктөлгөн.

Турнир Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрь күнү башталган. Кыргызстандын улуттук курама командасында тогуз спортчу бар.

Улукбек Жолдошбеков 61 килограмм салмактагылар арасында күч сынашууда. Биринчи кармашында түркиялык Селехаттин Сертанды 15:6 эсебинде уткан. Экинчи беттешинде украиналык Валентин Блесецкийди 6:5 эсебинде жер караткан.

Чейрек финалда казакстандык Даулет Тажибайдын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Ал эми жарым финалда япониялык Рютаро Хаяманы 12:1 эсеби менен уткан.

Финалда Индиядан келген спортчу менен мелдешет. Кармаш бүгүн, 30-октябрда, Бишкек убактысы боюнча 23:00дө башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0