Хабиб канча беттештен кийин карьерасын токтоторун атасы айтып берди. Видео

Жазылуу
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бир нече беттештен кийин карьерасын жыйынтыктоону пландап жатканын анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов билдирди.

Конор МакГрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Конор Макгрегор Хабиб Нурмагомедовду коркок деди. Хабибдин атасы жооп берди
Ал Fight Nights Global YouTube каналына берген маегинде Хабибдин кийинки беттеши 2020-жылы жазында Тони Фергюсонго каршы болорун жана ал UFC уюмунун тарыхында мыкты кармаштардын бирине айланарын айткан.

Хабиб карьерасын качан жыйынтыкташы мүмкүн деген суроого атасы "эки-үч беттештен кийин кетиши керек" деп жооп берген.

Россиялык мушкер ММА боюнча 28 беттеш өткөрүп, бир дагы ирет жеңилип көргөн эмес. 2018-жылы америкалык Эл Янвинтаны утуп, UFC уюмунун чемпиону болгон. Ирландиялык Конор Макгрегор жана америкалык Дастин Порье менен беттешип, наамын ийгиликтүү коргоп калган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0