Жашын тыя албай... Дүйнө чемпиону Жолдошбековдун кармашынын толук видеосу

663
(жаңыланган 12:37 31.10.2019)
Бириккен күрөш федерациясынын YouTube каналына 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге алган кыргызстандык Улукбек Жолдошбековдун финалдык кармашынын толук видеосу жарыяланды.

Жолдошбеков 61 килограмм салмактагы спортчулар арасында күч сынашып келет. Дүйнө чемпионатынын алкагында түркиялык, украиналык, казакстандык жана япониялык балбандарды утуп, финалга чыккан.

Финалдык кармашта индиялык Равиндер Равиндер аттуу балбанды 5:3 упай эсебинде утуп алган.

U-23 дүйнөлүк чемпионаты Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган. Кыргызстандан тогуз спортчу барган.

663
Белгилер:
медаль, финал, видео, балбан, дүйнө чемпионаты, Улукбек Жолдошбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Спорт агенттигинин жетекчиси Тыныбекова менен Муртазалиевди кабыл алды. Сүрөт
Алтын медаль! Кыргызстандык спортчу күрөш боюнча чемпионатта жеңди. Видео
Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү