Кишини жүзүнөн тааныган камера. Жээнбеков "шектүү" кантип кармаларын көрдү. Видео

Жазылуу
Бишкекте кылмыштарды онлайн көзөмөлдөгөн жана шектүүлөрдү аныктаган система ишке кирди. Анын ачылышына мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков катышты.

Бул борборго кишилерди жүзүнөн тааныган камералардан видео келип түшөт. Операторлор көчөлөргө көз салып, эгер кылмыш болсо, ал жерге милиция кызматкерлерин жөнөтөт.

Андан сырткары, камералар издөөдө жүргөн кишилерди табууга жардам берет. Ал үчүн өзүнчө кызматкерлер дайындалган.

Бул камералар кандай иштей турганын көрсөтүү үчүн президентке "кылмышкерди" кармоо аракеттери көрсөтүлдү.

Жээнбеков ошондой эле Бишкек милициясынын Кайгуул кызматынын сынамык долбоорунун бет ачарына күбө болду. Аталган кызмат кандай иштейт, кандай артыкчылыктарга ээ экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0