Атасы Огонбай байдын малын кайтарса, энеси Күңөтай үйдө отун-суу алып, оокатын кечирип келген. Көп өтпөй, тагыраагы, Атай алтыга аяк басканда тоголок жетим калган. Бала атасынын агасы Султанаалынын колунда өсөт.
Ал көргөнүн эсине тутуп, укканын жаттап калган куйма кулак болуп чоңоёт. Султанаалы анын кийинки келечегине кам көрүп, кат таанытып, шыгынын өркүндөшүнө бир топ аракет кылган.Жетим жүрүп жетилген Атайдын атагы алыска кеткен өтө эле таланттуу адам болорун алгач аңдашкан эместир.
Атай акырындап болсо да чыгармачылык менен алектенип, элдик ырларды созуп жүрөт. 1926-жылы атактуу акын Токтогул менен жолугушуу анын чыгармачылыгындагы бурулуш учурлардын бири болгон. Анын ырларын аткарып, деңгээлин өстүрөт.
Бир нече мезгилден кийин тунгуч чыгармасы — "О, жеңе" аттуу обонун жаратат, кийин бул ыр "Ой, булбул" деп аталат да көркөмдүк жагынан толукталат.
Атайдын ырчылык, обончулук даңкы "Күйдүм чок" ырынан кийин узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына тарайт.
Атай ырларынын обону менен кошо сөздөрүн да өзү чыгарган. Бул таланттын тунгуч обондору Токтогул акындын таасиринен улам жаралгандыгын айтып келишет.
Атай Кыргыз драма театрына артисттикке кабыл алынган 1935-жылдан тарта ыр-күүлөрү менен гана эмес, адамгерчилиги, кишиге жугумдуулугу, тилинин шоктугу, сөздү бетке айткандыгы, куудулдугу менен да тааныла баштайт.
1936-жылы Кыргыз филармониясы уюштурулуп, ал жакка которулат. Кесиптештери сымал эле жаңы уюшулган эл аспаптар оркестринде иштейт. Бир эле мезгилде ырчы, комузчу катары концерттерге катышат.Атайдын тубаса шыгына оркестрдин жетекчиси, дирижер Пётр Шубин да таң берген.
"Атай нотаны билбейт, оркестрде музыканы угуу менен ойнойт. Аны менен машыгуу жеңил. Атайга өмүрүндө укпаган жаңы күү же ырды, обонун роялда ойноп берсем, ошол замат комузда кадимкидей аткара берчү", — деп эскерген Шубин.
Атайдын чыгармачылыгында "Эсимде" аттуу ыры өзгөчө орунду ээлейт. Бул азыр кыргыз классикасынын эң мыкты үлгүсүнө айланган.
Атай "Эпкиндүү шыңгырама", "Марш Камбаркан", "Маш ботой" күүлөрүн чыгарган. Бул доордун үнү, элдин шаңы, ар түркүн көркөм боёктордо салтанаттуу жүрүштөр сыпатталат.
Такай изденүүдө жүргөн Атай 1938-жылы чакан ансамбль уюштурууну чечет. Ал музыкалык угуму мыкты, комузда кол ойноткон жаштарды чогултат. Анын алгачкы шакирттери - Бейшеналы Кулболдиев, С. Айманбетов, Шекербек Шеркулов дагы бир топ таланттуу жаштар болгон. Атай буларга талыкпаган изденүүнүн аркасында "Маш ботой", "Кыз кербез", "Кара өзгөй" аттуу аткарууга оор, ыкмаларга, штрихтерге бай күүлөрдү үйрөтөт. Бул шакирттери менен бир топ концерттерге чыгып, ал тургай видеого жазылып калган ирмемдери бар.
Кийин да бир топ жылдар бою бул талант кыргыз элинин музыка казынасын байытууга өзүнүн опол тоодой салымын кошуп келди.
Атай Огонбаев 49 жашында дүйнө салган.
Маалыматтар музыка изилдөөчү Балбай Алагушевдин "Булбулдар" китебинен алынды.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.
"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 12 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы ирет Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Иш-чара дүйшөмбү күнү башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта өтүп жатат. Россия лидери пандемия маалында дүйнө кандай өзгөргөнү боюнча айтып, бардык өлкөлөрдү болушунча бири-бирине жакын ымалада болууга чакырды.
Путин дүйнөдөгү кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.
“Мындай абал менен макул болсо да, ага көнбөсө да болот. Бирок бир топ параметрлер – масштабы, комплекстүүлүгү, чакырыктардын системалык мүнөзү, ойлондурган кооптуулук — баары бир ага кандайдыр бир окшоштук чыгып калып жатат. Биз экономикалык өнүгүүнүн мурдагы ыкмалары менен инструменттеринин каатчылыгын көрүп турабыз. Социалдык катмарга бөлүнүү күчөп кеткен. Бул ааламдык деңгээлде да, бир катар өлкөлөрдүн мисалында да көзгө дароо урунат. Бул тууралуу мурда деле айтып келгенбиз, бирок бүгүн коомдо пикирлердин арбындыгын жаратып жаткан учур. Популизмдин, оңчул жана солчул радикализмдин, дагы башка чекке жеткендиктин өсүшүнө түрткү болууда. Ички саясий абалдын курчушу менен айыгышкан тирешүүлөр бир топ алдыңкы өлкөлөрдө арбыды", — деди Путин.Россия президенти мунун кесепети эл аралык мамилелерди дагы кыйгап өтпөй, туруксуздукка жана күтүлбөгөн окуяларга кептеп жатканын белгиледи. Эл аралык институттар алсырап, регионалдык жаңжалдар көбөйүп, глобалдык коопсуздук системасы деградацияланып жатканын айтып өттү.
Путин өзүнүн сөзүндө эл аралык мамилелерди чыңалуулар, глобалдуу чатактар, адамзаттын жашоо деңгээли, кирешелердин бөлүнүшү, жакырчылыктан чыгуу жана азыр ааламды силкинтип жаткан коронавирус пандемиясы, ага каршы туруучу вакциналардын жеткиликтүү болбой жатышы тууралуу кеп козгогон.
Россия президенти эмнеден кеп салганы боюнча бул жерден кеңири окуй аласыздар.