Азамат! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынан коло байге алды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге тагынды. Спортчунун үчүнчү орунду жеңип алган видеосу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) YouTube каналына каналына жарыяланды.

Турнир Венгриянын борбору Будапешт шаарында 28-октябрда башталган. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу барган.

Полное видео победной схватки кыргызстанского борца, ставшего чемпионом мира - Sputnik Кыргызстан
Жашын тыя албай... Дүйнө чемпиону Жолдошбековдун кармашынын толук видеосу
Медет кызы килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашкан. 8/1 финалда италиялык Энрика Риналдини, чейрек финалда канадалык Грейслин Дуганду уткан. Ал эми жарым финалда Япониядан келген Юка Кагамиге жеңилип калган. Үчүнчү орун үчүн кармашта монголиялык Ариунжаргал Ганбатты 12:8 упай эсебинде утуп, медаль алган.

Эске сала кетсек, ушул эле чемпионатта эркин күрөштүн балбаны Улукбек Жолдошбеков чемпион болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0