Димаш Кудайберген Иван Ургант менен тамашалашып, ага чапан кийгизди. Видео

346
Белгилүү казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Россиянын "Биринчи каналынан" көрсөтүлгөн "Вечерний Ургант" берүүсүнө катышкан.

Программа эфирге 31-октябрь, бейшемби күнү, чыккан. Студияда ырчыдан тышкары россиялык композитор жана продюсер Игорь Крутой менен муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча олимпиада чемпиону Аделина Сотникова болгон.

Димашты күйөрмандары кол чабуулар менен тосуп алган. Ал баарлашуу учурунда Жеки Чан менен кантип таанышканын айтып берген. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алып баруучуга казак чапанын кийгизген.

"Биз сыйлуу, урматтуу адамдарга чапан белекке беребиз. Убакыттан пайдаланайын", — деген ырчы.

Чапанды кийген Ургант мындай кийим эми анда жана Николас Кейджде гана бар экендигин айтып, тамашалаган.

346
Белгилер:
Димаш Кудайберген, Россия, Казакстан
Тема боюнча
Димаш оорулуу кыздын кыялын аткарды. Сүрөт