Малайзиялык футболчу талаанын ортосунан укмуштуудай гол киргизди. Видео

Жазылуу
Малайзия менен Камбоджанын жаштар курама командасынын беттеши укмуштуудай гол менен эсте калды. Футболчунун талаанын ортосунан тепкен тобу дарбазага кирип кеткен.

Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын алкагында өткөн мелдештерде Малайзия менен Камбоджанын беттеши элдин бүйүрүн кызыткан оюн болду. Малайзиянын чабуулчусу Лукман Хаким бин Шамсутдин талаанын ортосунан тепкен тобу учкан тейде барып дарбазага кирип кетти.

Мындай кооз голдун видеосу YouTube каналына жайгаштырылган. Оюн 5:4 эсеби менен жыйынтыкталып, малайзиялыктар жеңишке жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0