Түкүрүнбөңүзчү! Бишкекте жаңы милиция кантип иштеп жатат? Видео

Жазылуу
31-октябрдан тарта Бишкекте Кайгуул милициясынын кызматы ишке кирди. Алар Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы менен Кайгуул күзөт кызматынын милдеттерин өзүнө алды.

Бүгүнкү күндө Кайгуул милиция башкармалыгында иштеп жаткан 250 адамдын үчтөн бир бөлүгүн жөнөкөй адамдар толуктады.

31-октябрдан тарта жаңы кызматкерлер сегиз сааттан иштеп жатат. Азырынча аларды Биринчи Май жана Свердлов райондорунун аймактарынан көрүүгө болот. Жылдын аягына чейин Бишкектин бардык аймагын көзөмөлгө алмакчы.

Жаңы кызматтын аткара турган иштери

Кайгуул милициясы азыр иштеп жаткан ЖКККББнын жана коомдук тартипти караган Кайгуул күзөт кызматынын ишин аткарат. Негизги жумушу — белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек. Төрөбек Камбаров анын милдети өзүнүн аймагына байкоо салып, тартип бузгандарды жазалоо эмес, аларга эскертүү берип, түшүндүрүү экендигин айтты.

"Тилекке каршы, жарандар тартип бузуп, көчөдө чегип жана түкүрүнүшөт. Ал үчүн атайын жаза бар экенин эске алышса. Биз тартип бузгандарга эскертүү бергенге аракет кылабыз. Андан сырткары, коомдук транспорттун аялдамасына токтогондорду карайбыз. Айдоочу туура эмес токтотсо да, алгач эреже бузгандыгын эскертип, документтерин текшерип, эгер баары жайында болсо коё беребиз", — деди Карабаев.

Жаңы жабдуулар, техника менен иштешет

Запуск пилотного проекта Патрульной службы милиции по Бишкеку - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул милициясы ишке кирди. Кызматы жана өзгөчөлүгү
Кайгуул милициясынын кызматкеринин автоунаасы жаңы техника менен жабдылган. Андагы камера автоунаанын тартип бузганын жазат да, маалыматтар топтомуна жөнөтөт. Ар бир экипаждын колунда планшет болот (аны борттогу компьютер деп да коюшат — авт.). Анда жеринде дароо автоунаа тууралуу жана уурдалган унаалардын маалыматтык базасы камтылган. Демек, жеринде эле дароо бүт маалыматты биле алышат.

Дагы бир аппарат кызматкерлерге автоунаадагы чапталган плёнканын жарыкты канчалык деңгээлде өткөрө тургандыгын текшерип берет. Буга чейин көз болжол менен текшерип же эксперттер келип карап беришчү.

Айдоочудан милиционерге айланганда

Медеткан Чынарбек уулу милицияга киргенге чейин Таласта уюлдук операторлордун бири болгон компаниянын айдоочусу эле. Бул жерге кызматкерлерди алып жатканын интернеттен окуп келген. Бала чагындагы погончон жүрүү кыялы ишке ашканы турат. Милицияда иштеп, полковникке чейин жеткен чоң атасы ага себепкер болуптур.

"Чоң атам милицияда иштеп, полковникке чейин жетип, анан пенсияга чыккан. Анын иштегенин, форма кийгенин көрүп, дайыма ал сыяктуу милиционер болууну самачумун. Кыялым аткарылды", — деген ал.

Чынарбек уулунун айтымына караганда, экзамен тапшырып, аңгемелешүүдө болуп, тиешелүү талаптарды аткарган, баарынан өз күчү менен өткөн.

Ал бизге келерки максаты — тартип коргоо органында иштеп, элдин милицияга болгон ишенимин актоо экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0