Бишкек: жарылуудан каза болгон кыздын сөөгүн алып чыгып бараткан видео

4721
(жаңыланган 23:22 08.11.2019)
Жарылуудан чыккан өрттөн тез татымда иштеген кыз көз жумган. Анын сөөгүн өрттөнгөн имараттан ӨКМ жана милиция кызматкерлери алып чыгышты. Кырсыктан болжол менен 12 адам жабыркаган.

Жалындаган өрт, эсине келбей жаткан кыз. Тез татымдан чыккан өрттүн видеосу
© Sputnik / Сергей Аладьев, Каныбек Бейшенбеков, Нурис Алымбаев, Асель Минбаева
Эске салсак, 8-ноябрда саат 13:40тар чамасында Бишкектин Эркиндик бульвары менен Чүй проспектисинин  кесилишиндеги тез татымда жарылуу болгон.

Кырсык болгон жерге тез жардам, өрт өчүрүү жана милиция кызматкерлери тартылган.

Бишкек шаардык милициядан каза болгон кыздын ким экендиги такталып жатканын билдиришти.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.

4721
Белгилер:
тез татым, кырсык, Бишкек
Тема:
Бишкектин чок ортосундагы жарылуу (23)
Тема боюнча
Бишкек: тез татымдагы жарылуудан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Абылгазиев тез татым жайындагы өрттүн себебин иликтөөнү тапшырды
Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы, кайсы ооруканага түшкөнү айтылды