АКШнын Сириядагы максаты эмне. Видеобаян

Жазылуу
Сирияда согуш болуп келе жатканына сегиз жылдан ашты. Ушул тапта АКШ өнөктөштөрүнө Сирияны калыбына келтире турган долбоорлорду каржылоого тыюу салып койгон.

Вашингтон Евфрат дарыясынын чыгыш жээгиндеги аймакты бөлүп алып, өзүнчө мамлекет сымал түзүлүш куруп алууга жан үрөп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Париж форумундагы сөзүнө таянып РИА Новости жазды. 

"АКШ ал жерге инвестиция кылуу жолу менен Сирия демократиялык күчтөрү жана элдик коргонуу кыймылынын (күрд кошуундарынын) негизинде өзүнчө административдик аймак курууну көздөп жатат. Мындай жол менен алар Сириянын нефть чыккан аймагын бөлүп алып, көзөмөлдөп тургусу келет", — деди министр.

Лавровдун айтымында, АКШ ушул тапта Сирияны калыбына келтире туган долбоорлорду каржылоого өнөктөштөрүнө тыюу салып койгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0