Кайгырган кыздар, ызырынган жигиттер. Футбол күйөрмандарынын эмоциясы видеодо

3975
(жаңыланган 11:44 15.11.2019)
Япония менен Кыргызстандын футболдук беттеши эски аянтта уюштурулган фан-зонада көрсөтүлдү. Бул жерге стадиондон көрүүгө билет ала албай калгандар келишкен. Анткени билеттер күн мурунтан эле сатылып бүткөн.

Күйөрмандар экрандан көргөнүнө карабай, оюнчуларды аябай колдоп-сүрөп турушту. Фан-зонага 500гө чукул адам чогулуп, ак шумкарлардын жеңишин күтүп жатышты. Улуттук команда ишеничти актоого бар күчүн жумшады. Бирок оюн Япониянын пайдасына чечилип, 2:0 эсеби менен аяктады. Япониялыктар биринчи голду пенальтиден камсыздаса, экинчисин айып топтон пайдаланып киргизүүгө жетишти.

Япониянын бул жеңиши командалардын тайпалык баскычын өзгөртпөйт. Аталган өлкө лидер болсо, Кыргызстан менен Тажикстан экинчи сапта турат. Кыргызстан экинчи орунда калат, себеби Тажикстан бүгүн Мьянмага 4:3 эсебинде жеңилди.

3975
Белгилер:
жеңиш, оюн, беттешүү, футбол, Кыргызстан, Япония
Тема:
Кыргызстан — Япония беттеши (31)
Тема боюнча
Футболду тура калып көргөн Абылгазиев. КР командасын сүрөгөн аткаминерлердин сүрөтү
Кыргызстандын футболчулары Японияга 0:2 эсебинде жеңилип калды
Милиция оюн талаасына чуркап чыккысы келген күйөрманды кармады. Видео
Япония менен беттеше турчу КР командасынын курамы белгилүү болду
Командасына жан үрөп, дем берген япондор. Бишкектеги күйөрмандардын видеосу