Трамп менен Эрдоган Россиянын С-400 комплекси үчүн урушпай эле коюуну чечти

Жазылуу
АКШ менен Түркиянын президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайип Эрдоган Анкаранын Россиянын С-400 комплексин сатып алуудан кийинки чыңалган абалды жөнгө салуу аракетин көрүп жатат.

Түркиянын президенти АКШны жоошутуш үчүн алардын да Patriot комплексин сатып алууга даяр экенин билдирди.

Түркияга С-400 "Триумф" комплексин жеткирүү 1-ноябрда аяктаган. Башында Вашингтон Анкарадан бул келишимден баш тартууну талап кылган, бирок Эрдоган Американын санкцияларына карабай, андай кадамга барган эмес. Түркия сатып алган С-400 комплекси 2020-жылдын апрелинен тарта ишке кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0