15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео

Жазылуу
Майыптыгы бар 15 жаштагы Тилеген Рахатбеков эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин ордуна отуруп, Улукбек Кочкоровдун өзүнө тапшырмаларды апасынын жардамы менен берди.

Бул өзгөчө окуя ЮНИСЕФ уюштурган "Балдар башкарат" деп аталган акциянын жана Балдардын укуктары жөнүндө конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгын утурлай өттү.

Тилеген жана анын энеси Айнуру Алееваны министрликтин алдынан кезиктирдик.

"Коляскасы жок келгенибиз жакшы болуптур. Дал ушул жерде пандустун жоктугу бир аз түшүнүксүз көрүнөт экен", — деди ал.

Аял уулу министр Улукбек Кочкоровдун ордун кантип алмаштырат деп бир аз жүрөксүп турганын айтты. Себеби Тилеген укпайт жана шал оорусу менен туулган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйнуру Алеева уулу Тилеген министр Улукбек Кочкоровдун ордун кантип алмаштырат деп бир аз жүрөксүп турганын айтты.
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Айнуру Алеева уулу Тилеген министр Улукбек Кочкоровдун ордун кантип алмаштырат деп бир аз жүрөксүп турганын айтты.

Ал коомчулук мындай оору менен жарыкка келген балдарга көңүл бөлүп, жылуу сөзүн, колдоосун аябаса деген тилегин айтты. Алардын көбү материалдык колдоого муктаждыгын кошумчалады.

"Дискриминация — биздин жашоонун бөлүгү. Маселен, балам коомдук транспортко киргенде бир нерсе жугуп кала тургансып оолактап отурушат. Көбү бул оору жугат деп ойлошот. Тилеген чоңоюп калды, андыктан мен азыр психологиялык жактан көп кыйналбай калдым. Ал эми кичине чагында бир топ эле оор болгон. Баласын мындай диагноз менен төрөгөн аялдарга балаң кандай болсо ошондой кабыл ал жана жакшы көр деп айтар элем", — деди Алеева.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кристин Жольм "Балдар башкарат" акциясы символикалуу түрдө болгондугун жана балдардан көп нерсе талап кылынбай тургандыгын айтты. Ал ар бир баланын каалоосу угулганы зарыл экенин белгиледи.

© Sputnik / Табылды КадырбековЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кристин Жольм.
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Кристин Жольм.

Анын айтымына караганда, Тилегендин мүмкүнчүлүгү жакшы. Шахматты жакшы ойнойт жана эл аралык турнирлерге катышкан. Андан сырткары, Тилеген жакшы IT-адис болгондуктан келерки жылы Түштүк Кореяда болгон конкурска катышуучу катары тандалып алынган.

Алеева шахмат уулунун хоббиси экендигин айтты. Ийримде достору көп жана ар дайым кол кабыш кылып, жардамдашып турушат. Ал эми IT-адис катары программаларды түзүү анын кесиби болуп калышы керек. Тилегенге биринчи ирет компьютерди даярдоо классында окуп жатканда сатып беришкен. Бала андан бери кызыгуусун жоготпой, азыр олуттуу түрдө программалоо менен алектене баштаган.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдар башкарат" акциясынын катышуучусу Тилеген Рахатбеков Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров менен
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Балдар башкарат" акциясынын катышуучусу Тилеген Рахатбеков Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров менен

Журналисттер күткөн учур да келип, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров символикалык түрдө кызматын 15 жашар Тилегенге өткөрүп берди.

45 жаштагы Кочкоров 15 жаштагы Рахатбековго кайрылды.

"Сиздин тапшырмаңызды аткарууга киришүүгө уруксат бериңиз", — деди ал.

"Уруксат!" — деди креслодо отурган өспүрүм.

"Жаңы министр" алгач билим берүү маселесине көңүл бурду. Ал начар уккан же такыр эле укпаган балдар окуган мектепте аларга аттестат берилбей жатканын айтты. Андан сырткары, шахмат ойноого инвентарларды сатып берүү маселесин көтөрдү.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Балдар башкарат" акциясынын алкагында майыптыгы бар 15 жаштагы Тилеген Рахатбеков Социалдык жактан өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун ордуна отуруп, министрлик кызматты бир нече мүнөт аткарды.
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Балдар башкарат" акциясынын алкагында майыптыгы бар 15 жаштагы Тилеген Рахатбеков Социалдык жактан өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун ордуна отуруп, министрлик кызматты бир нече мүнөт аткарды.

"Биздин балдар толук эмес билим алышат жана андан ары жол жок калат. Бирок мектепте окуу куралдары боюнча көйгөйлөр бар, алар тээ 80-жылдары чыгарылган. Ал эми кыргыз тили боюнча китеп таптакыр эле жок болгондуктан, мугалимдер сөздөрдү балдарга үйрөтүү үчүн сүрөт тартып түшүндүрүшөт", — деди Тилегендин энеси.

Ал эми 15 жаштагы "министр" Бишкек шаарында жүргөн коомдук транспорттун көйгөйүн көтөрдү. Анын айтымында, маршруттук бустар өтө тар, ал эми шаарга кенен автобустар менен метро керек. Андан сырткары, лифтиси бар бийик жана жакшынакай имараттар тургузулушу зарыл.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сиздин тапшырмаңызды аткарууга киришүүгө уруксат бериңиз", — деди Улукбек Кочкоров "жаңы жетекчисине". Ал катардагы кызматкер катары отуруп, айтылган маселелерди блокнотуна жазып алды.
15 жаштагы бала министрдин ордуна отуруп, аткаминердин өзүнө тапшырма берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Сиздин тапшырмаңызды аткарууга киришүүгө уруксат бериңиз", — деди Улукбек Кочкоров "жаңы жетекчисине". Ал катардагы кызматкер катары отуруп, айтылган маселелерди блокнотуна жазып алды.

Улукбек Кочкоров катардагы кызматкер катары отуруп, айтылган маселелерди блокнотуна жазып алды. Ал билим берүү жана илим министри менен биргеликте жакынкы күндөрү баланын мектебине барып, айтылган маселени чечүүгө аракет кыларына убада берди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0