"Ислам мамлекетинин" согушкерлери афган бийлигине багынууда. Видео

Жазылуу
Нангархар провинциясында акыркы эки жумадан бери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун 200дөн ашык согушкери афган бийлигине багынып берди.

Провинциянын губернатору Шамахмод Миакхилдин айтымында, алардын арасында "Ислам мамлекети" террордук уюмунда жүргөн 225 эркек киши, 190 аял жана алардын 208 баласы бар.

18-ноябрга карата 183 киши багынган, алардын басымдуусу — пакистандыктар.

Согушкерлердин капитуляциясы эки жумадан бери уланып жатат. Мындай аракеттер Афганистандын атайын кызматтарынын операцияларынын жыйынтыгынан кийин болгон. Толук маалыматты Sputnik агенттигинин видеосунан көрүүгө болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0