Жөөлөшүп, ызы-чуу салып. Футболго билет саткан ортомчулардын видеосу

Жазылуу
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын кабарлашынча, укук коргоо органдары ортомчуларды арыз жазылгандан кийин гана кармай алат.

19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын экинчи тандоо турунун алкагында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешти. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Стадиондо күйөрмандык кылгандар команданы сүрөп отурса, оюн талаасынын тышында абал таптакыр башкача болду. Стадионго кире албай калган күйөрмандар Панфилов паркынын кире беришинде билет саткан ортомчулардын машинасын тегеректеп алып билет алууга аракет кылышты.

Защитник сборной КР Валерий Кичин на матче Кыргызстан — Таджикистан в Бишкеке, в рамках группового этапа Чемпионата мира 2022 года - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик оюнчуларынын беттешинен кийин тайпадагы рейтинг кандай өзгөрдү?
Видеодон күйөрмандардын машинаны айланчыктап, билет алуу үчүн акчаларын көтөрүп алып турганын көрүүгө болот.

КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билетти ортомчулар саткан учур болгонун моюндап, бирок мындай аракетти чектей албай тургандыгын билдирди. Федерация ошондой эле билет сатууга расмий уруксат алган өнөктөшү (супермаркеттердин бири) машина менен келип сатканын маалымдады.

Супермаркеттин өкүлү Sputnik агенттигинин кабарчысына алар оюн башталар алдында жана болуп жатканда атайын машина менен кыдырып билет сатканын айтты. Алар билеттерди 250, 350 жана 500 сомдон беришкен. Бирок автоунаасына компаниянын логотиби чапталып, сатуучулар атайын бейджиктерди тагынып жүрүшкөнүн айтты. Ал эми видеододогу күйөрмандар тегеректеп турган автоунаанын аларга эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы укук коргоо органдары ортомчуларды жазылган арыздын негизинде гана кармай аларын билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0