Троллейбустун айдоочусу жолдон милиция кызматкерлерин көрө калып аларды жардамга чакырган. Укук коргоочулар кишинин артынан Киев көчөсүнөн Логвиненкого чейин кууп барып элдин жардамы менен аны кармоого аракет жасашкан. Бирок ал бычак шилтеп каршылык көрсөткөн. Акыры ал Жогорку Кеңештин имаратына жакын жерден кармалып, милицияга алып барылган.
Мындан сырткары, ошол учурда Ак үйдөн чыгып келе жаткан ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев аны кармоого жардам берген.
№2 троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева кол салуу аракети учурунда ал өзү үчүн эмес, жүргүнчүлөр үчүн кабатыр болгонун Sputnik агенттигинин кабарчысына айтып берди.
"Аялдамадан күзгүнү карасам арттан бир киши чуркап келе жатыптыр. Ал ичкери кирип, ортодогу каалганы тарткылап, далысы менен жөлөнүп алды. Жыгылып кетиши мүмкүн экенин айтып эскертүү берсем мени сөгүп кирди", — деди айдоочу аял.
Ошол жерде отургандардын бири аял кишини сөккөн туура эмес экенин айтканда, киши ызаланып, кайдан-жайдан бычагын алып чыгып, жүргүнчүлөрдү коркутуп кирген.
Андан чочулаган адамдар артка кача баштаган. Ал эми бычак шилтеген киши аларды дагы оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирген. Киев көчөсү менен баратып аянтка жеткенде айдоочу аял милиция кызматкерлерин байкап калган. Ал терезесин ача салып аларды жардамга чакырган.
"Укук коргоочулар алдыңкы эшик аркылуу кирип келишти. Бычак кармаган киши аларды көздөй басып келе жатты. Эшиктерди кайра ачсам сыртка качып кетти, милиционерлер артынан кууп жөнөштү. Троллейбусту аялдамадан токтотуп, жүргүнчүлөрдүн абалын сурап кирдим. Эшикке жакын отурган аял жүрөк оорулуу экенин, өзүн начар сезип жатканын айтты", — деди айдоочу.
Ал ошондой эле эгер милиция кызматкерлери болбогондо салонго өзү кирип, кишини токтотууга аракет кылмактыгын кошумчалады.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.
Жолчулар сентябрдан бери айлык толук төлөнбөй 2000-3000 сомдон гана берилип жатканына нааразы. Маселени аймактагы жетекчилер чече албагандыктан министрликке келүүгө аргасыз болгонун айтышты.
Нарындын Ат-Башы районунда жол тазалап иштеген Жаңыбай Кенжебаев декабрдан бери айлыгын ала элек.
"Контордо иштегендер бизден мурда, ай сайын өз убагында алат. Алар жайкысын көлөкөдө, кышкысын жылуу кеңседе отурушат. Ал эми биз аба ырайынын ысык-суугуна карабай иштейбиз. Анан калса минтип маянабызды кечиктирип, аз-аздан берип коюп кыйнап жатышат. Акыры айлабыз кеткенде ушул жерге келдик. Мугалим, медик, милиционерлердин айлыгы көтөрүлдү, бирок негизги жумушту аткарган жолчулардыкы жогорулаган жок", — деди Кенжебаев.
Дагы бир жолчу Мырзабек Данияров күн жааганда түнкү саат 4:00дө эле жумушка чыгарын, кээде эки суткалап жолго кум чачып, күнү-түнү тазалап турушарын айтат.
Ал эми Нарын шаарында иштеген Жаныбек Асаналиев төрт айдан бери маяна ала элегин айтты.
Чогулгандардын алдына Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сооданбаев чыкты. Ал январдын айлыгы толук төлөнөрүн, ал эми февралда мурдагы карыздары кошулуп берилерин убадалады. Маянанын кечигүүсүн пандемияда министрликтин бюджети кыскартылганы менен түшүндүрдү.
Ал арада УКМК Жол чарба департаментинин директору Шабданбек Иманкуловду "мыйзамсыз байыган" деп кармады. Аткаминер төрт хан сарайга, Бишкектен 20 батирге, кымбат баалуу автоунааларга жана көптөгөн бодо малга ээлик кылары айтылды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.