Рельске кулаган киши, машинисттин көз ачып жумганча жасаган аракети. Видео

Жазылуу
Бразилияда станцияда рельске кулаган эркек кишини машинисттин көз ачып жумганча жасаган аракети сактап калды. Окуяны ошол жердеги кыймылга байкоо салуу үчүн орнотулган камера жазып калган.

O Globo деп аталган жаңылыктар порталы окуя 17-ноябрь күнү Сан-Паулудагы темир жол станциясында болгондугун кабарлаган.

Сердце стынет — упавшего на рельсы спасли за миг до прибытия поезда. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жан көзгө көрүнөт! Рельске кулаган кишини көз ирмемде алып чыккан видео
Маалыматта 37 жаштагы эркек киши эсин жоготуп, рельске кулаганда поезд жакындап келе жатканы айтылат. Станциянын инженери жерде жаткан кишини көрүп, составды чукул токтоткон. Камерага жазылып калган видео көргөндүн үрөйүн учурат. Себеби токтогон поезд кишинин денесин дээрлик жаап калган.

Ошол жерде тургандар жабырлануучуну рельстен алып чыгып, медиктер ооруканага алып кетишкен. Анын мээси чайкалгандыгы белгилүү болду.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0