Футболчулар жөөлөшүп, трибуна жаңырып. Кыргыз-тажик беттешинен кызыктуу видео

241
(жаңыланган 11:45 21.11.2019)
Футбол федерациясы Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын беттешинен тартылган видеороликти жарыялады.

Кадрга оюнга кантип даярданышканы, күч түзүмдөрүнүн стадионду кайтарып турганы, автоунаалардын эвакуацияланганы, күйөрмандардын кыйкырык-сүрөөнү жана оюндун кызыктуу ирмемдери камтылган.

Аталган оюн 19-ноябрда дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунун алкагында өтүп, 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Муну менен Кыргызстандын 2022-жылы боло турган дүйнө чемпионатынын кийинки этабына өтүү мүмкүнчүлүгү бир кыйла кыйындай түштү. Команда өз тобунда экинчи орунду ээлегендердин арасында эң акыркы сапта турат. Үчүнчү этапка 12 курама команда өттү. Алар сегиз тайпанын жеңүүчүлөрү менен экинчи орунду алган эң мыкты командалар. Кененирээк Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

241
Белгилер:
Бишкек, оюн, спорт, күйөрман, футбол
Тема:
Кыргызстан — Тажикстан командаларынын 2019-жылдагы беттеши (19)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик мелдеши. Оюн талаасындагы маанайды чагылдырган 15 сүрөт
Жөөлөшүп, ызы-чуу салып. Футболго билет саткан ортомчулардын видеосу

Кыргыз жерине апаат алып келген коркунучтуу 8 эпидемия. Видео

74
(жаңыланган 16:23 10.08.2020)
Көчмөндөр башка дүйнө эли сыяктуу эле коронавирустан да коркунучтуу ооруларды баштан кечирген. Деген менен биз бул тандоого коронавирусту да киргиздик.

Бүгүнкү заманбап медицинанын тушунда тарыхта ата-бабаларыбыз эпидемиялардан канчалык жапа чеккендигин көпчүлүк элестете албайт. Көчмөн урууларынын өзүнчө жашоосу, керек болсо, тоонун таза абасы да айрым учурда аларды коркунучтуу оорулардан сактай алган эмес.

Карантинден кийин кыргызстандыктар кандай өзгөрөт. Психологдордун пикири

Кара тумоо, чечек, пес оорусу, сифилис, күйдүргү, кургак учук көчмөн элин кыргынга учураткан оорулардын тизмесин толуктабаса да, дал ушул илдеттер адам өлүмүн арбыткан эпидемиялардан болгон.

Бул айтылгандар тууралуу кененирээк билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстандын видеосун көрүңүз.

74
Белгилер:
коронавирус, эпидемия, эл, көчмөн, Кыргызстан
Тема боюнча
Учурда өлкөдө канча адам ооруканада COVID менен күрөшүп жатат? Статистика
Билл Гейтс: бизди коронавирустан дагы чоң алаамат күтүп турат

Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео

417
(жаңыланган 03:04 10.08.2020)
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы болгон жүздөгөн адамдар Минск шаарынын борборун көздөй агылган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы турууда.

Эки тараптын кагылышуусунун видеосу Белоруссиянын TUT.BY. порталына жарыяланды.

Митингге чыккандарды таратуу үчүн милиция көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.

Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратышууда, жабыркагандар бар. Видео

Милиция кызматкерлери агылган митингчилердин жоон тобунан бир нече жолу артка кетенчиктешкен.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган. Дагы бир талапкер Светлана Тихановская сегиз пайыз алган.

417
Белгилер:
видео, митинг, президенттик шайлоо, Минск, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенко менен. Архивдик сүрөт

Жээнбеков Лукашенкону кайрадан президент болуп шайланышы менен куттуктады

0
(жаңыланган 17:26 10.08.2020)
Жээнбеков Александр Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков белоруссиялык кесиптеши Александр Лукашенкону кайрадан өлкө башчы болуп келиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Сиздин мол тажрыйбаңыз жана кесипкөйлүгүңүз мындан ары дагы элдин турмушун жакшыртып, мамлекеттин экономикалык жана саясий өсүп-өнүгүшүнө алып келет деп ишенем. Достукка жана ишенимге негизделген кыргыз-белорус мамилелери мындан ары дагы бекемделерине көзүм жетет", — деди Жээнбеков.

38 жашта. Лукашенкодон тизгин талашкан Тихановскаянын таржымалы

Жээнбеков Лукашенкого бекем ден соолук, ишине ийгилик, ал эми белорус элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Анда Александр Лукашенко 80,23 пайыз менен атаандаштарын жеңип алды

0
Белгилер:
куттуктоо, жеңиш, шайлоо, Александр Лукашенко, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Лукашенко Данияр Үсөновго окшош киши менен жолукту. Сүрөт