Ушундай да олдоксонбу? Тарыхта болбогон пенальти тепкен футболчунун видеосу

Жазылуу
Бразилиялык спортчу өзүнүн калпыстыгы менен маанилүү делген беттеште командасын аз жерден аксатып коё жаздап, андан сырткары FIFA эрежесин  бузду.

Бразилиялык футболчу Каику Оливейре ойго келбеген пенальти тээп,  атаандаш командасына  жакшы иш жасап берди. Ал Бразилиядагы жергиликтүү Верди кубогунун финалында болгон.

Eurosport Оливейре ойногон "Куяба"  менен "Пайсанду" клубдары беттешип, финалда ким жеңерин пенальти менен аныктоого туура келгенин жазды.

Оливейре тарыхтагы, балким, уят болгон  эң ийгиликсиз пенальти жасады деп билдирди басылма.

Англиянын Тоттенхэм Хотспур футбол клубунун дарбазачысы Уго Льорис. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топту тосом деген дарбазачы колун сындырып алды. Окуянын видеосу
Анын топту тебе турган шаан-шөкөтү эле ашыкча болуп кеткен. Он секундда шашпай топко жакын келип, кайра бир нече кадам артка басып, андан соң кадамын жакындатып келип топту дарбазаны көздөй багыттаган.  Бирок анын бул кадамы аны шылдың кылган учур болуп кала тургандыгын сезбесе керек. Тепкен топ дарбазага кирбей, анын сол жагындагы темиринен кыйгап өткөн. Мындай учурда ал тургай мектеп окуучусу да гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  Ал эми тажрыйбалуу оюнчу жаңылып,  мунусу менен көп жерлерге чейин "атактуу" болуп кала берди.

Спорттук канал топко жакындап, кайра алыстап бир нече секундду алган жана жалпы эрежени бузган  шоунун эмне кереги бар эле деген маанайда видеону коомчулукка жарыялаган.

Ошентсе да "Куяба" финалда атаандашын  5:4  менен жеңген.

Буга окшогон ийгиликсиз аракет туурасында дагы бир видео тараган. Анда  футболчу бош калган дарбазага гол киргизе албай койгон.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0