Айэркен Саймаитини атып кеткен учурдун видеосу

Жазылуу
Айэркен Саймаитини атып кеткен видеону түркиялык басылмалар таратты. Кол салуу 10-ноябрда кечинде болгон. Ишкердин өлтүрүлүшү Кыргызстанда бир топ чуу жараткан.

Видеодон мейманкана жайдын темир менен тосулган чакан короосунда эшик тарапка артын салып отурган кишини кара күрмөчөн бирөө келип атып кеткендигин көрүүгө болот. Маалыматты Haberler агенттиги жазып, видеону YouTube каналына жайгаштырган.

Эске салсак, 10-ноябрда кечинде Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин алдынан ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлгөн болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0