Ак үй алдында чогулган 1000ден ашуун адамдын акциясы кандай өттү. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 25-нобярда, Ак үйдүн алдында коррупцияга каршы тынчтык акциясы өттү. Катышуучулар Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун элеси түшүрүлгөн сүрөтүнүн алдына "Камалсын" деп жазып көтөрүп чыгышкан.

Бишкектин борборундагы тынчтык митингинин катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Митингдин Ак үйдөн көрүнүшү. Сүрөт
Акцияга 1000ден ашуун адам чогулуп, басымдуу бөлүгүн улан-кыздар түздү. Чогулгандар акцияны Кыргызстандын гимнин ырдоо менен баштап, андан соң "Райым камалсын!", "Уурулар түрмөгө!", "Реалдуу реформа!" деп кыйкырышты. Ак үй тарапка сары карточка көрсөтүп, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүүгө чакырык ташташты.

Митинг саат 11.30да башталып бир жарым саатка созулган. Жарандык пикирин айтууга келгендер тынч тарап кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0