Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлдү. Видео

Жазылуу
Индияда эки баштуу, үч колдуу бала төрөлүп, жергиликтүү дарыгерлер муну миллион бөбөккө бирден туура келген аномалиялык көрүнүш деп атаган.

New York Post басылмасы жазган маалыматтын видеосун Индиянын жергиликтүү басылмаларынын бири YouTube каналына жарыялады.

Госпиталь центра Hautepierre в Страсбурге - Sputnik Кыргызстан
Бакуда дени сак энеден оозу жок, кулагы мойнуна өскөн бала төрөлдү
Мадхья-Прадеш штатынын 21 жаштагы тургуну Бабита Ахирвар күйөөгө мындан 1,5 жыл мурда чыккан. Жубайлар балалуу болууну чечишкен. Келин кош бойлуу болгондон 35 жумадан кийин дарыгерлер эненин курсагында эгиз жаткандыгын айтышкан.

Анткен менен 24-ноябрь, жекшемби күнү, жарыкка бир гана бала келген. Видиша шаарындагы оорукананын кызматкерлери бөбөктүн бир жүрөгү, эки башы, үч колу бар экендигин билдирген. Дарыгерлер баланын дени сак болуп төрөлүшүн "жакшы көрүнүш", "керемет" деп атап, мындай аномалия миллион бөбөккө бирден туура келерин айтышкан.

Баланын энеси бул эмнеден болгондугун айта албай, күйөөсү экөө болгону дени сак ымыркай каалагандыгын билдирди.

"Биз дени сак балалуу болгубуз келген, бирок Жараткан бизди ушунтип жазалоону чечкен окшойт. Эмнеге экенин билбейм", — деген Бабита.

Маалыматта учурда ымыркай медиктердин тобунун тыкыр көзөмөлүндө болуп, дарылоодон өтүп жаткандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0