Кыргызстан Россияга ЖККУ төрагалыгын четинен өткөрүп берүүдө. Видео

Жазылуу
Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин, ТИМ башчыларынын жана Коопсуздук кеңешинин жетекчилеринин биргелешкен отуруму өттү. Эртең президенттердин жолугушуусу болот.

Кыргызстан ЖККУ саммитин анын төрагалыгынын статусунда өткөрүп жатат. Ал эми келерки жылы бул укук Россияга өтөт. Андыктан коргоо министрлеринин, ТИМ башчыларынын жана Коопсуздук кеңешинин башчылары катышкан жыйындын соңунда төрагалыктын символу болгон факел өткөрүп берилди.

ЖККУ бизге эмне үчүн керек - Sputnik Кыргызстан
Алты өлкөнү бириктирген уюмдун тарыхы. Видеобаян
КРдин ТИМ жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавровго факелди берди. КРдин Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшенбиев Россиянын коргоо министринин орун басары Александр Фоминге, КРдин Коопсуздук кеңешинин башчысы Дамир Сагынбаев Россиянын Коопсуздук кеңешинин жетекчиси Николай Патрушевге тапшырды.

Эртең, 28-ноябрда, Бишкек шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0