Оңой эмес экен! Россиянын Кыргызстанга берген аскерий техникасынын видеосу

Жазылуу
Россия Кыргызстанга МИ-8МТ үлгүсүндөгү эки тик учак, П-18 үлгүсүндөгү радиолокациялык станцияны белек кылды.

Аскердик техникаларды өткөрүп берүү салтанаты Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кант шаарына жакын жайгашкан Абадан коргонуу боюнча авиациялык-техникалык аймагында өттү.

РФтин Коргоо министрлиги аскердик техникаларды Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө бекер берди. Салтанатты КРдин Куралуу күчтөрүнүн жетекчисинин орун басары, полковник Нурлан Чомоев жана Россиянын коргоо министринин орун басары, генерал-полковник Александр Фомин жетектеди.

Алар тик учактар менен радиолокациялык станцияны көрүп чыгышты.

"Бул техникалар Кыргызстанга өтө зарыл десек аша чапкандык болбос. Өзгөчө, тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон шартта керек. Албетте, тик учактар аскердик тапшырмаларды ыкчам чечкенге көмөкчү болот", — деди Фомин.

МИ-8МТ тик учагы каршылаш тарапты ракеталык жана бомбалоочу курал менен жок кылууга жөндөмдүү экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0