Путинди тосуп алган тумандуу Бишкек. Видео

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путин бүгүн эртең менен, 28-ноябрда, Жамааттык коопсуздук  келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн келди.

Аны туман каптап турган "Манас" аэропортунан КР президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери талкуулана турганы айтылды. Мындан тышкары, эки президенттин жолугушуусу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0